Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

"7-апрель" ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыкты


«Казакстан ЕККУнун төрөгалык кызматынан кетиши керек» деген талап менен "7-апрель" кыймылынын 3 мүчөсү ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн алдында пикетке чыгышты. Аталган кыймылдын башчысы Өндүрүш Токтонасыровдун билдиргенине караганда, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы апрель окуяларына карата кыргыз элинин аброюн түшүрө турган сөздөрдү айткандыгы үчүн ЕККУнун төрагасы болууга моралдык укугу жок. Пикетке чыккандар өз талаптарын жазылган өтүнүч каты ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматчысы Бурул Усманалиевага калтырышты. Усманалиева өтүнүч катын кабыл алып, кыймыл мүчөлөрүн бул тууралуу жакында жооп болооруна ишендирди.( KKs EK)

XS
SM
MD
LG