Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Жалал-Абадда митинг уланууда

Жаатташкан эки тараптын тиреши уланууда. Бакиевди коргоо комитети Жалал-Абадда “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлери биринчилерден ок ачканын билдирүүдө. Комитеттин билдирүүсүндө, обулустук бийлик имаратына "атамекенчилер" убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин иниси Асылбек Текебаевдин жетектөөсүндө курал-жарак менен кирип барышкан. Муну тастыктоочу видеотасма бар экенин билдирген комитет кагылышта жараат алгандардын баары бакиевчилер экенин билдирүүдө. Дубандагы кабарчыбыздын билдирүүсүндө, баш-аламандык улам каршылашкан эки тараптын кимисине биринчи ок жаңылганын тактоо кыйын. Жаатташкан эки тарапта тең курал-жарак бар экендиги айтылууда. (EK)
XS
SM
MD
LG