Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Ү.Сыдыков менен “Жаңы Кыргызстандын” аракеттеринин байланышы жок


Бул тууралуу бүгүн “АКИпресс” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында партиянын өкүлү Абай Алымкулов билдирди. Анын айтымында, Үсөн Сыдыков өзүнүн акыркы аракеттери боюнча партиянын саясий кеңешине маалымат берген эмес. "Алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоону утурлап «Жаңы Кыргызстан» партиясы өз кадырына доо кетиргиси келбейт", - деп билдирди А. Алымкулов.

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү Үсөн Сыдыков өлкөдө баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп шектелүүдө. Улуттук телерадиоканал бүгүн анын бул дооматты далилдөөчү телефондук сүйлөшүүлөрүн жарыялады. Ал эми Үсөн Сыдыков жана анын тарапкерлери бул дооматтарга өз оюн айта элек. Буга чейин Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Азимбек Бекназаров “Жаңы Кыргызстан” партиясынын лидери Ү.Сыдыков кармалгандыгын билдирген. (GA)

XS
SM
MD
LG