Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

Түштүктөгү кан төгүлгөн окуялар жөнүндө Роза Отунбаева билдирүү жасады


Роза Отунбаева эл бийликтен кулаткан мурдагы президенттин жактоочулары бийликти кайтарып алуу максатында кайрадан кан төгүүгө барганын, мурда Бишкекте болгондой эле, бул сапар дагы снайперлер Жалал-Абаддагы шаардын ортосундагы имараттардын чатырынан бейкүнөө элге ок атканын, эки адам октон жараат алып, баардыгы отуздай адам жабыркаганын билдирди.

Убактылуу өкмөт башчысынын билдирүүсүнө караганда, бийлик кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык аракетти көрүүдө, кагылышуу чыгып кетпесин үчүн каршылык акциясына чыккандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракеттери жасалууда. Бирок Бакиевдин жактоочулары такыр баш ийбей койгондо тополоң окуяларды уюштуруп жетектеп жаткан мурдагы президенттин “табакташ” жакыны Үсөн Сыдыков жана башкалар кармалып, Бишкекке алынып келинди.

“Уюштуруучулардын аты-жөнү жана каржылоо булактары бизге белгилүү. Азыркы убакта борбордук жана жергиликтүү бийликтер кырдаалды туруктуу нукка салуу чараларын көрүп жатат. Бүт өлкө боюнча биздин таламдаштарыбыз көп, ошого жараша күчүбүз да көп”,-деп баса белгилейт Роза Отунбаева. (КС)



XS
SM
MD
LG