Уюмдун башкы ассамблеясы кечээ он төрт өлкөнү, алардын ичинде Ливияны, Анголаны, Мавританияны, Катарды жана башкаларды адам укуктары боюнча Кеңешке мүчө кылып шайлаган эле. Мунун алдында дүйнөдөгү 37дей укук коргоочу бирикмелер Улуттар Уюмуна кайрылып, аталган өлкөлөр, өзгөчө Ливия адам укуктарын урматтабай турганын эскертип, алардын Кеңешке мүчө болушуна каршылыгын билдиршкен болчу.