Бул планга кечээ Москвада президенттер Дмитрий Медведев менен Луис Инасио Лула да Силванын жолугушуу маалында кол коюлду. Эмдиги айдын башынан тартып эки өлкөнүн ортосунда визасыз карым-катнаштар башталат. Жолугушууда тараптар эл аралык проблемаларды да талкуулашты. Бразилия президенти алдыдагы күндөрдө Иранда болуп, Тегеранды эл аралык коомчулук менен кызматташканга көндүргөнгө аракет кыларын билдирди.