Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Таласта 17-майга карата айрым адамдар элди митингге чыгаруу үчүн акча таратууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас шаардык Революциялык кыймылдын башчысы Эрмек Боронбаев билдирди. Анын айтымында, Кара-Буура районунан “Нисан” үлгүсүндөгү ак унаа менен айрым адамдар элге акча таратып жүргөнүн байкаган. Бир нече адам унаага жакын барганда акча тараткандар качып кетишкен. Алардын божомолунда акча тараткандар - бакиевчилердин жактоочулары. Революциялык кыймылдын дагы бир мүчөсү Талай Изатов бул иш боюнча кечээ түнкү саат 3кө чейин унаалар менен Талас шаарын көзөмөлгө алышып, номуру жок унааларды көргөндөрүн жана бул маалыматты укук коргоо кызматкерлерине билдиргенине карабастан бир да милиция кызматкерлерин шаардан көргөн жокпуз деп “Азаттыкка” билдиришти. Ал эми облустук укук коргоо башкармалыгынын жетекчилиги бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. (UA)

XS
SM
MD
LG