Улуттар уюму, Евробиримдик, Кошмо Штаттар, Орусия тараптан мындай кайрылуу убактылуу өкмөт өлкөнүн түштүк аймагындагы кырдаалды кайра толугу менен өз көзөмөлүнө алгандыгын жарыялагандан кийин жасалды. Эң соңку маалыматтарга караганда, кечээ Жалал –Абадда мурдагы президенттин тарапкерлери менен убактылуу өкмөттүн жактоочулары ортосундагы кагылыштан каза тапкандар саны экөө. Алардан сырткары 61 адам медициналык жардамга муктаж болуп, булардын ичинен 35 киши октон жаракат алган.