Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Индияда кыргыз балбандары күч сынашууда


Нью-Дели шаарында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Алгач эркин күрөштөн жети балбан өлкө намысын коргоп, 120 кг. салмактагы Айал Лазарев 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Эмил Алыкулов Индиядан билдирди.

Маалыматка караганда, кыргызстандык кыздардан үчөө эркин күрөш боюнча мелдешке барып, тилекке каршы бирөө дагы байгелүү орунга илинген жок. 15-майда грек-рим күрөшү башталып, жеңил салмакта жаштар арасындагы дүйнө чемпиону Калыбек Жолчубеков жана жаштар арасындагы дүйнө чемпиону 84 кг. Жанарбек Кенжеев, оор салмакта Мурат Рамонов 3-орун үчүн ушул тапта күч сынашып, Калыбек менен Жанарбек Азия чемпионатынын коло медалын жеңип алышты. Мурат болсо 5-орунду ээледи.

Азия чемпионаты эртең да уланып, кыргызстандык үч балбан таймашка чыгат. Мелдешке отуздан ашуун өлкөлөрдүн спортчулары катышууда. (GA)

XS
SM
MD
LG