Мындай макулдашуу орус президенти менен Британиянын жаңы премьер- министри Дэвид Камерондун кечээги телефон сүйлөшүүсү учурунда жетишилген. Бул тууралуу Кремль тараткан билдирүүдө айтылат. Орусия менен Британиянын алакасы 2006 –жылы ФСБнын мурдагы офицери, Кремлдин сынчысы Александр Литвиненко Лондондо, белгисиз жагдайда ууландырылып өлтүрүлгөндөн кийин бузулган.