Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Таиландда бийликтер демонстранттарды таратуу аракетин көрүүдө


Премьер- министр Абхисит Ветчачиванын билдирүүсүнө караганда, борбор Бангкоктогу тополоңду канды мүмкүн болушунча аз төгүү менен жөндөө аракети көрүлүп жатат, бирок армия демонстранттарга каршы операциясын улантат. Өкмөт башчы теледен ушундай кайрылуу жасар алдында армия башкаала Бангкоктун борборунун бир бөлүгүн “ок атылуучу аймак” деп жарыялады. Берилген эскертүүгө ылайык армия ал аймакка кирген демонстранттарга каршы курал колдонуусу мүмкүн. Бангкокто өткөн бейшембиден берки кагылыштардан кеминде 24 адам өлүп, 200дөн ашуун киши жаракат алды. “Кызыл көйнөкчөндөр” деп аталгандардын демонстрациялары 12-марттан тарта өтүп жатат. Азыркы өкмөттү мыйзамсыз деп эсептеген жаңы шайлоо жарыялануусун талап кылышууда. БУУнун башкатчысы тараптарды сабырдуулукка чакырды. АКШ өз жарандарына муктаждык жок болсо Таиландга барбоону эскертти жана анча зарыл эмес дипломатиялык кызматкерлерин, алардын үй-бүлөлөрүн чыгарып кетүүгө көрсөтмө берди.

XS
SM
MD
LG