Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Эл аралык коомчулук Кыргызстанга кеп-кеңештерин айтууда


Кыргызстандагы абалды турукташтыруу боюнча башкы иш-аракеттер жазылган документ – түрдүү эл аралык уюмдар менен Кыргызстандагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жолугушууларынын негизинде иштелип чыккан. Бул тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын атайын өкүлү Жаныбек Карибжанов билдирүү жасады. Булар жөнүндө ал ишемби күнү Алматы шаарында өткөн Трансазиялык парламенттик форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Анын айтымында, эң оболу Кыргызстанда стабилдүү коомдук тартипти орнотуп, жарандардын жана менчик ээлеринин коопсуздугун камсыз кылуу керек.

Андан кийин, бийлик алмашкан маалда колдон чыгып кеткен өлкөнү башкаруу системасын бекемдөө зарыл.

Ошондой эле Ж.Карибжанов баш мыйзамды реформалоо маселеси жөнүндө да айтып, Кыргызстанда кандай башкаруу системасы болгон күндө да бийлик бутактарында анык тең салмактуулукту сактап калууга көңүл бурулушу керектигин баса белгилеген. (IJz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG