Ушул тапта Коммунисттер партиясынын лидери, мурдагы депутат Исхак Масалиевдин эки жүз чамалуу тарапкерлери Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун алдына келип, пикет өткөрүшүүдө. Алар колдоруна, “И.Масалиевдин камалышы саясий буюрук”, “Зордук-зомбулук токтотулсун!” деген сыяктуу жазууларды көтөрүп турушат.
Эскерте кетсек, бүгүн Биринчи май райондук сотунда 12-13-майдагы баш-аламандыктарды уюштурууга катышы бар делип айыпталып, камакка алынган И.Масалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралары күтүлүп аткан. (IJz)