Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:54

Бангкоктун айрым бөлүктөрүндө коменданттык саат киргизилет


Бул тууралуу бүгүн Таиланддын армиясы билдирди. Бангкокто өткөн бейшембиден берки кагылыштарда кеминде 25 адамдын өмүрү кыйылды, 200дөн ашуун киши жаракат алды. Борбордо жайгашып алган демонстранттарга бүгүн бийликтер эртең түштөн кийинкиге чейин өз лагеринен аялдарды, кары –картаңдарды чыгаруусу үчүн ультиматум коюшту. Армиянын басма сөз катчысы, полковник Сейнсирн Кеакамнерд бүгүнкү маалымат жыйында буларды айтты:

-Биз жаш балдарды, аялдарды, кары –картаңдарды кетүүгө ынандыруу үчүн полициянын, Кызыл чырымдын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн демонстранттар чогулган аймакка кирүүгө дайындадык.

Азыркы өкмөт башчы Абхисит Ветчачива кызматтан чегинип, жаңы шайлоо жарыялануусун талап кылган “кызыл көйнөкчөндөр” деп аталган демонстранттар Бангкокто топтолгонуна эки айдан ашып калды. “Кызыл көйнөкчөндөрдүн” лидеринин бүгүнкү сөздөрүнө караганда, алар тирешүүнү токтотуу үчүн БУУ ортомчулук кылган сүйлөшүүгө даяр. Бирок бул үчүн өкмөт Бангкоктун көчөлөрүнөн аскерлерди алып кетиши керек.

XS
SM
MD
LG