Бул тууралуу президенттин катчылыгынын мурунку жетекчиси Оксана Малеванаянын жакындары кабарлады. О. Малеваная 4-майда кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен Улуттук коопсуздук кызматтын абагына камакка алынган. Камоо тууралуу санкцияны Биринчи май райондук соту берген. Кыргызстандын укук коргоо органдары 7-апрелдеги кандуу булоонго анын дагы катышы бар деп шек санап жатышат. О. Малеваная мурунку президент К. Бакиевдин катчысы болуп 2099-жылдын январь айында дайындалган болчу. (EBM)