Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:33

У. Барыктабасов: контркөңтөрүштөргө тиешем жок


“Мекеним Кыргызстан” партиясынын мурунку жетекчиси, учурда чет мамлекеттердин биринде из жашырып жүргөн Урмат Барыктабасов “Азаттыкка” Кыргызстандагы 12-13-май күндөрү убактылуу өкмөткө каршы уюштурулган нааразылык акцияларга тиешеси жоктугун билдирди. Ал жакынкы күндө Кыргызстанга келбесин, бүгүн өтөт деп жаткан нааразылык акцияларга катышпай турганын айтты. Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров 12-13-май күндөрү Кыргызстандагы конттреволюциялык иш-аракеттерге У. Барыктабасовдун тиешеси бар деп билдирген болчу. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мурунку төрагасы 2005-жылы 17-июнда мурунку президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы уюштурган ири нааразылык акциядан кийин чет өлкөгө качып кеткен. (EBM)

XS
SM
MD
LG