Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:08

Таиландда өкмөт демонстранттардын сүйлөшүү сунушун четке какты


Бирок өздөрүн «Кызыл көйнөкчөндөр» деп атаган оппозиция өкүлдөрүнүн Бириккен Улуттардын арачылыгы менен сүйлөшүү баштоону сунуштаган. Баш калаа Бангкоктогу үч күндөн берки көчө салгылаштарда аз дегенде 33 киши каза таап, 239у жараат алды. Кабарларга караганда, «Кызыл көйнөкчөндөрдүн» жол башчысы Наттавут Сайкуа бийликтер аскерлерди көчөлөрдөн алып кетсе, БУУнун арачылыгы менен сүйлөшүүгө даяр деп билдирген. Бирок өкмөт башка өлкөлөрдү жана чет элдик уюмдарды кырдаалга кийлигишпөөсүн улам кайра эскертүүдө. Таиланддын армиясы Бангкоктун айрым жерлеринде коменданттык саат киргизүүнү көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG