Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Иранда активист аялдар соттолуп, экс-депутат кармалды


Аялдардын таламын талашкан 35 жаштагы укук коргоочу Шади Садр 2007-жылдагы нааразылык акциясына байланыштуу алты жылга жана 75 жолу балак урууга сыртынан кесилди. Садрдын коргоочусу Мохаммад Мостафайдын ИЛНА кабар агенттигине билдиришинче, Исламдык Төңкөрүшчүл сот дагы бир активист Махбубе Аббас-Голизадени эки жарым жылга эркинен ажыратып, 30 балак урууга буйруду. Бул күнү ошондой эле оппозициянын жол башчысы Мир Хоссеин Мусавини колдогон реформисттик партиянын улук мүчөсү, экс-депутат Мохсен Арминдин Тегеранда камакка алынганын анын кызы реформисттердин интернет сайтында маалымдады.

XS
SM
MD
LG