Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Тегеранда 15 үлкөн өлкөнүн саммити ачылууда


Ирандын баш калаасына өнүгүп келаткан ири мамлекеттердин жетекчилери чогулушту. Саммитке Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Бразилиянын президенти Лула Да Силва да катышат. Күн тартибинде экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү биринчи орунда турат. Тегерандагы жыйын Кошмо Штаттары жана анын союздаштары Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу бул өлкөгө каршы жаңы санкция киргизүүнү талап кылып жаткан мезгилге туура келүүдө. Түркиянын билдиргенине караганда, Батыштын тынчсыздануусун жайгаруу далалатында Иран өзөктүк отун алмашуу сунушун кабыл алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG