7-апрелде ыңкылапта каза болгондордун кырк күн толгондугуна байланыштуу митингде куран окутулуп, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Убактылуу өкмөт өлкөнүн коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн бардык чараларды көрүшөрүн айтты.
Убактылуу өкмөт башчысынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев элди чагымчыларга алдырбоого жана тынчтыкка үндөп, Курманбек Бакиев менен анын бир туугандары кармалып, мыйзамдын чегинде жоопко тартыларын белгиледи.
Убактылуу өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев конституциялык реформанын максаттарына токтолуп, таза шайлоо өткөрүү боюнча бардык аракеттер көрүлөрүн билдирди.
Маалыматка караганда митингге он миңден ашуун адам катышты. (AJ)