Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда 16-майда Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева ЕККУнун башкы катчысы Марк Перрен де Бришамбо менен болгон жолугушууда конституциялык реформа, референдум жана шайлоолорду уюштурууга байланыштуу негизги маселелерге токтолду.
М.Бришамбо болсо ЕККУга мүчө 56 өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстан элине жан тартып, жакынкы арада Убактылуу өкмөт тарабынан саясий чакырыктарга жооп табылат деп күтүп жатышканын белгиледи. (AJ)
М.Бришамбо болсо ЕККУга мүчө 56 өлкөнүн өкүлдөрү Кыргызстан элине жан тартып, жакынкы арада Убактылуу өкмөт тарабынан саясий чакырыктарга жооп табылат деп күтүп жатышканын белгиледи. (AJ)