“Бритиш Петролиум” компаниясы Мексика булуңунда орноткон туулгага уланган 1 600 метрлик түтүк кара майды мунай тарткан танкерге түз жүктөөгө мүмкүндүк берди. Түтүк мунайдын деңизге агуусун 75 процентке азайтат деп боолгонуда. Бирок, илимпоздордун эскертишинче, деңиз түбүндөгү кенден агып жаткан мунай деңизди ууландырып, экологиянын калбына келүүсү үчүн он же андан көп жылдар кетиши мүмкүн.
22-апрелде “Бритиш Петролиумдун” мунай бургулоочу платформасы эки күн мурда болгон жардыруудан улам деңизге чөгүп, кара май сууга ага баштаган. Кырсыкта 11 жумушчу каза болгон. Маалыматтар боюнча, өндүрүштүк кырсыктын кесепетинен деңизге күнүнө 5 миң баррель мунай агып жатты.