Иран 1 200 кг жарды уранды Түркияга жөнөтүп, ордуна байытылган уран алууга макулдук берди. Макулдашуу Барзилиянын президенти Луиз Инасио Лула да Сильва, Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жана Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддын кездешүүсүндө жетишилди. Келишимдин шарты толук белгисиз.
Ядролук программасы тынчтык максатын көздөйт деген Иран өкмөтү былтыр Улуттар Уюмунун жарды уранды чет өлкөдө байытуу сунушун четке каккан болчу. АКШ башындагы өлкөлөр Ирандын уранды байытуусуну токтотуу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңеши Тегеранга каршы жаңы санкция киргизүүсүн сунуш кылып жаткан.