Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Оштун мурдагы губернатору М.Бакировго кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынан бүгүн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка караганда, Оштун мурдагы губернатору Мамасадык Бакировго жана анын орун басары Айтмамат Кадырбаевге 13-майда массалык баш аламандык уюштурган деген айып тагылып, учурда тергеп-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

13-майда М. Бакиров тарапкерлери менен Ош облустук администрациясын ээлеп алып, Убактылуу өкмөттү тааныбай тургандыгын, өзү Ош облусунун легитимдүү губернатору экендигин билдирген болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG