Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Кыргызстанга апрел окуясы боюнча иликтөө жүргүзүү сунушталды


Бишкектеги бүгүнкү маалымат жыйынында БУУнун адам укуктары боюнча Борбор Азия аймактык өкүлчүлүгүнүн Башкы Комиссарлыгынын башкармасынын милдетин аткаруучу Фиона Фрезер уюмдун эксперттери апрел окуясын иликтөөгө даяр экендигин белгиледи. Анын айтымында, апрел окуясын иликтөө боюнча эл аралык комиссия түзүү боюнча Убактылуу өкмөт БУУнун баш катчысына расмий кайрылуусу зарыл.

Адилет министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиева “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 3-12-майда Женевада өткөн БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясында бир катар мамлекеттин жана уюмдардын өкүлдөрү Кыргызстандагы апрел окуясы боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнү сунушташкан. Ал сессияда сунушталган маалыматты Убактылуу өкмөткө жеткиргенин белгиледи.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын тышкы иштер боюнча кеңешчиси Бактыгүл Каламбекова апрел окуясы боюнча эл аралык көз карандысыз комиссия түзүү сунушу боюнча Убактылуу өкмөттүн маалыматы бар экендигин, бул маселенин укуктук, эл аралык нормалар жагынан дыкат карап чыккандан кийин бир чечимге келишерин "Азаттыкка" билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG