Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:53

Ысыккөлдүктөр контрреволюциялык күчтөрдү уюштургандарга нааразы


17-май күнү Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына чогулган эл 14-май күнү түштүк жергесине бүлүк салгандарга нааразылык билдиришти. «Ү. Сыдыков, И. Масалиевге чара көрүлсүн» деген ураан менен чыккандардын саны 3миңге чукулдады. Сөз алып сүйлөгөндөр убактылуу өкмөттү колдоорун билдирип, мурунку президент К.Бакиев жанан анын балдары Марат, Максимдин ошондой эле Д. Үсөнов, М. Суталинов сыяктуу качып жүргөн мурунку өкмөт мүчөлөрү тез арада жоопко тартылышын талап кылды.

Губернатордун басма сөз катчысы Аманболду Жанузаковдун айтуусунда, облус губернатору Мирбек Асанакунов митингчилердин талаптарын угуп, ага аракеттер жүрүп атканын түшүндүргөндө чогулгандар тарап кетишти.(RB)

XS
SM
MD
LG