Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Ирактын чоң мунай кенин Кытай жана Түркия өздөштүрөт


Ирак өлкө түштүгүндөгү ири мунай кенин иштетүү жөнүндө Кытай жана Түркия менен келишим түздү. Бу кенге Иран да ээ чыгып жаткан. Кытайдын CNOOC жана Түркиянын TPAO компаниялары менен кол коюлган келишим Ирак өкмөтү чет элдик энергофирмалар менен түзгөн 11-келишим болду.

Береги келишимдер толук ишке киргенден кийин Ирак Сауд Арабиясы менен чогуу дүйнөдөгү эң чоң мунай өндүрүүчүгө айланат.

Дүйшөмбү күнү түзүлгөн келишимге жараша кытайлык жана түркиялык компаниялар ар бир баррель(159 литр) кара май үчүн Иракка 2 доллар 30 сенттен төлөйт. Мунайдан түшкөн киреше Ирактын бюджеттинин 85 процентине жакынын түзөт.

XS
SM
MD
LG