Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү, Борбордук Азия боюнча жөнгө салуучу дипломатия боюнча аймактык борборунун жетекчиси Мирослав Енча кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бүгүн БУУнун эксперттери Кыргызстанга келип, Конституциянын жаңы редакциясына укуктук баасын беришет. Ал ошондой эле Кыргызстандагы кырдаалга жараша каржылык жардамдын өлчөмү көбөйтүлөрүн белгилеп, Убактылуу өкмөттүн кырдаалды турукташтыруу аракеттерине БУУ тыгыз кызматташууга даяр экендигине токтолду. (AJ)