Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:57

Пакистанда бомба чабуулунун айынан 11 киши набыт болду


Бүгүн Пакистандын түндүк-батышындагы Дера Исмаил Хан шаарында көчөдөн өтүп бараткан полиция машинасы жардырылып, анын натыйжасында он чакты киши өлүп, башка да бир канча киши жаракат алды. Бомбаны бир жан кечти жардырганы, набыт болгондордун саны он бирге жеткени тууралуу жергиликтүү дарыгерлер маалымдашты.
Пакистан бийлиги “Ал-Кайида” террордук уюмун жана талиптерди колдогон исламчы жоочулар менен күрөштү улантып келет.

XS
SM
MD
LG