Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Кабулдагы террордук чабуул 3 кишинин жанын кыйды


Бүгүн (18-майда) Ооганстандын ордо шаары Кабулда бир жанкечтинин НАТОнун жоокерлеринин унааларына каршы чабуулунан улам бери дегенде 3 киши набыт болду жана жыйырмадай киши жаракат алды. Башка бир кабарда өлгөндөрдүн саны 7ге жеткени айтылууда.

Унаачан жанкечтинин чабуулуна байланыштуу бул окуя Кабулдун батыш өңүрүндө жайгашкан Ооган өкмөтүнүн кеңселеринин жанында болду. НАТОнун жетегиндеги эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн басма сөз өкүлү бул окуя иликтенип жатканын маалымдады.
“Франс пресс” агенттигинин маалымдашынча, талиптер бүгүнкү террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Соңку учурларда Кабулда коопсуздук чаралары өзгөчө чыңдалганына карабастан, талиптер бир канча чабуулду жүзөгө ашырган. Бул чабуул – Кабулдагы февралдан берки ири чабуул болуп калды.

XS
SM
MD
LG