Ош шаардык мамлекеттик салык кызматынын жүзгө чукул кызматкери 18-майдан баштап иш ташташты. Алар ырасташынча, 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин Бириккен Элдик Кыймылдын аттуу-баштуу кишилери буга чейин жетекчинин орун басарлык кызматын аркалаган Жылдыз Турганбаевди жамааттын өтүнүчү боюнча ошол эле шаардык салык башкармалыгынын башчылыгына дайындашкан. 6-майда республикалык салык кызматынын төрагасынын орун басары Эркин Сопоков Жылдыз Турганбаевди Ош шаарынын салыкчыларына бекилген жетекчи катары тааныштырган. Бирок 12-майдан соң Бишкектен түшкөн Убактылуу Өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Марат Матазимов аттуу жигитти жаңы эле ишке киришкен Турганбаевдин ордуна олтургузууга аракет кылып келатышат. Ошондуктан, акциянын катышуучулары Убактылуу Өкмөттөн адилеттикти талап кылып, суранычы чукул арада аткарылбаса, иш таштоону улантышаарын эскертишти.
Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин директорунун түштүк аймагы боюнча орун басары Искендер Матраимов Марат Матазимовду дайындоодо мыйзам бузулгандыгын, андыктан, бул орунга адистер конкурстук негизде тандалаарын билдирди. (ATo)