Бүгүн кечке маал Орусиянын Кыргызстан менен байланыштарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Владимир Рушайло менен Кыргызстандагы Орусиянын элчиси Валентин Власов Аламүдүн районунун Маевка айыл өкмөтүндө уюштурулган жолугушууга катышты. Ага Убактылуу өкмөттөн эч ким катышкан жок жана журналисттер киргизилген эмес. “Азаттыктын” кабарчысынын “жыйында кандай маселелер козголду?” деген суроосуна В.Рушайло жооп берген жок.
В.Рушайло айылдын тургуну Николай Петровду жана түрк улутундагы эки аялды Бишкекте Орусиянын элчилигинде кабыл алууга убада берди.
19-апрелде Маевка айлында жер басып алуучулар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда кагылышуу болуп, андан 5 адам каза таап, 40 чакты адам жаракат алып, 7 үй өрттөлгөн. (AJ)