Бул карыз Евробиримдик менен Валюта корунун Грецияны банкроттуктан сактап калуу максатын көздөгөн жардам программасында каралган. Грек өкмөтү чукул карызсыз, мөөнөтү келип калган карыздарын төлөй албай тургандыгын айткан. Өткөн аптада Валюта кору өлкөгө 5.5 миллиард евро ажыраткан.