Алардын алтоо НАТОнун аскерлери экендиги кабарланууда. Каза болгон 12 ооган жараны жана дагы ондогон жараат алгандардын көбү жардыруунун мезгилинде автобуста баратышкан. НАТОнун набыт болгон алты кызматчысынын бешөө америкалык аскерлер, бири канадалык полковник экендиги аныкталды. Бомба НАТОнун авто-кербени парламенттин жана башка өкмөттүк имараттардын жанынан өтүп баратканда жарылган. Кол салуу үчүн талиптер жоопкерчиликти алды. Ак үйдүн маалымат катчысы Билл Буртон жардырууну айыптап, АКШ менен ооган өкмөтү Ооганстанда туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөө нийетинен кайра тартпай тургандыгын бышыктады. Анын аралыгында, Ооганстандын түштүгүндө НАТОнун дагы эки аскери каза тапты.