Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Беларуста ондогон активист кармалды


Бул тууралуу жергиликтүү оппозиция өкүлдөрү жана укук коргоочулар билдиришти. Укук коргоочу, «Чындыкты айт» тобунун жетекчиси Уладимир Некляевдин айтымында, бийликтер ошондой эле анын кеңсесин, уюм мүчөлөрүнүн Минскидеги жана башка бир нече шаардагы батирлерин тинтишти. Кармалгандардын катарындагы Некляев кабарчылар менен Минскидеги камак жайынан телефондон сүйлөштү. «Вясна» укук борборунун өкүлү Валентин Степановичтин маалыматына ылайык, Беларустун эң эски оппозициячыл партиясы болгон Бириккен Жарандык партия да бутага алынды. 16 жылдан бери бийликте турган президент Александр Лукашенко оппозицияны жана көз карандысыз маалымат каражаттарын тыным алдырбай куугунтуктап келет.

XS
SM
MD
LG