Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Масалиевдин баш коргоо чарасы боюнча доо арыз сотко берилди


Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиевдин адвокаты Канат Загибаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу доо арыз кечээ Бишкек шаардык сотко тапшырылды. Сот арызды беш күндүн ичинде карап чечим чыгарышы керек. 17-майда Биринчи май райондук соту И. Масалиевди эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган болчу. Коммунисттер партиясынын төрагасы 14-майда Улуттук коопсуздук кызматтын абагына камакка алынган. Ал 12-13-14-майдагы баш-аламандыктарга тиешеси бар деп айыпталып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG