Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Д. Молдошева Улуттук коопсуздук кызматына сурак берип чыкты


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын мурунку депутаты Динара Молдошева өзү билдирди. Анын айтымында, Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү, андан айрым депутаттардын 12-майдагы жыйыны тууралуу сурады. Бул жыйында азыркы убактылуу өкмөттү мыйзамдаштыруу, убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаеваны Жогорку Кеңешке төрайым кылып шайлоо, андан кийин парламенттин өзүн таркатуу маселелерин карашкан, дейт Д. Молдошева. 12-13-14-май күндөрү Бишкекте, Ошто жана Жала-Абат шаарларында убактылуу өкмөткө каршы акциялар уюштурулган. Түштүк аймактарда облусттук акимчиликтер басып алынып кайра бошотулган. Жалал-Абаттагы тополоңдо эки адам окко учкан. Убактылуу өкмөт бул акцияларды контрреволюция деп сыпаттап буга “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковду, Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевди жана айрым депуттарды күнөөлөп чыккан. Ү. Сыдыков менен Коммунисттер партиясынын төрагасы, мурунку депутат Исхак Масалиев камакка алынган. (EBM)

XS
SM
MD
LG