Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

“7-апрель” кыймылы Казак элчилигинин жанында пикет өткөрдү


Кыймылдын мүчөлөрү Казакстан тарап чек арасын жаап ,Кыргызстанга экономикалык туңгуюк кылып жатканына нааразылык билдиришип, чек араны ачуу талабын коюшту. Ошондой эле 6-7-апрелдеги кандуу окуяга тиешеси бар делген Курманбек Бакиевдин Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө ортомчулук кылып, шарт түзүп берген казак президенти Нурсултан Назарбаевден мурдагы президентти кайрадан Кыргызстанга кайтарып берүүнү талап кылышты. Акциянын катышуучулары эгерде бул талаптар аткарылбаса Казакстандын ЕККУга төрагалык кылуусун токтотуу демилгесин көтөрүшөрүн билдиришип, кайрылууну Казак элчисинин кызматкерине тапшырышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG