Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

И.Масалиев: 13-14-майдагы түштүктөгү окуяларга тиешем жок

Бул тууралуу Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев Убактылуу өкмөткө жолдогон кайрылууда белгилеген. Ал ошондой эле ага коюлган айыптарды адилет карап чыгууну, 13-14-майдагы Жалал-Абаддагы окуяга тиешеси жоктугун айтып, күч менен бийликти алмаштыруучулардын тарабында болбогондугун жана эч качан аларды колдобостугун билдирген.

Искак Масалиев 14-майда УКМКнын абагына камалган. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон. (AJ)
​
XS
SM
MD
LG