Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

“Мекен шейиттери” кыймылынын мүчөлөрү АКШ элчилигинде болду


Бүгүн Кыргызстандагы АКШнын элчисинин биринчи орун басары Ларри Маммонтт “Мекен шейиттери” кыймылынын 6 мүчөсүн кабыл алып, алардын президент Барак Обамага жолдогон кайрылуусун алышканын, тилекке каршы, АКШ бийлиги Беларусиядан Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө түздөн-түз кийлигише албастыгын, бул боюнча президент А.Лукашенко айтканынан кайтпай, сүйлөшүүгө барбастыгын билдирди. Бул тууралуу “Мекен шейиттери” кыймылынын массалык маалымат каражаттары боюнча жетекчиси Мелис Арыпбек уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ларри Маммонтт АКШ бийлиги Кыргызстанга ар тараптуу жардам берүүгө жана демократияны өнүктүрүүгө бардык тараптан колдоо көрсөтөрүн билдирген.

“Мекен шейиттери” кыймылы 20-майда Кыргызстандагы Казакстандын элчилигинин жанында митинг өткөрүп, президент Нурсултан Назарбаевдин жообун күтүшөт. Буга чейин аталган кыймыл Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтарып алып келүү талабы менен Орусиянын президенти Дмитрий Медведевге, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге жана АКШнын президенти Барак Обамага кайрылуу кат жолдошкон. (AJ)

XS
SM
MD
LG