Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Жалал-Абадда "Элдердин Достугу" университети тараптан ок атылганы угулууда


Жеринде байкоо салып жүргөн “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова менен телефон аркылуу байланышканыбызда ары жактан автоматтын атылып жаткан үнү угулуп турду.
Азиза Абдырасулованын айтымында, 5 миңден 8 миңге чейин чогулган эл Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду улут арасына от жагууга аракеттенип жатат деп айыпташып, губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун телефон аркылуу Үсөн Сыдыков менен сүйлөшүүсүндө 500 автоматчым бар дегенине жооп берүүсүн жана К.Бакиевдин туугандарынын айылдагы үйүн өрттөөгө ким уруксат бергенин айтып берүүнү талап кылышууда.
ИИМдин басма сөз кызматы болсо Жалал-Абаддагы ок атышууларды четке кагып, тополоңчуларга милиция кызматкерлери эскертүү иретинде куралдан асманга ок атканын билдирди.(AJ)

XS
SM
MD
LG