Кандай чечим чыгаруу Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков жеринде кырдаалды карап чыккандан кийин берген сунуштарга байланыштуу болот. Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Темир Сариев “Азаттыкка” айтымында, Убактылуу өкмөткө каршы күчтөр абдан көп. Учурда К.Бакиевди колдогон топ Жалал-Абадда тополоң уюштуруп, улут аралык жаңжал чыгарууга аракет кылышууда.
Т.Сариев өлкөдөгү туруксуздукту жаратып, тополоң уюштургандар жакын арада мыйзамдын чегинде аеосуз жазага тартыларын белгиледи. (AJ)
Т.Сариев өлкөдөгү туруксуздукту жаратып, тополоң уюштургандар жакын арада мыйзамдын чегинде аеосуз жазага тартыларын белгиледи. (AJ)