Президенттин улуттук коопсуздук иштери боюнча кеңешчиси генерал Жеймс Жонс менен ЦРУнун директору Леон Панетта Исламабадда атайын кызматтардын жетекчилери менен жолугуп, коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулашат. Байкоочулар бул сапарды Нью-Йоркто бомба жардырмакчы болуп, колго түшкөн Файсал Шахзаддын иши менен байланыштырып жатышат. Шахзад кечээ сотто биринчи суракка алынды. Тергөө органдары ага пакистан талиптери көмөктөшкөн деп эсептешет.