Жумгал районуна караштуу Чаек айлынын тургуну Эраж Кумарбеков буга чейин 24-майда өзүн өзү өрттө акциясына бара тургандыгын билдирген Анын себеби, ал Азия Универсал Банкынын Мин-Куш филиалынан насыя алып, жыйынтыгында үйсүз калган. Ал банк кызматкерлери документти туура толтурган эмес, насыянын бир бөлүгүн «шапка» катары банктын ал кездеги кызматкери алган деп сотко кайрылып келген. 19-майда Жумгал райондук сотунун төрагасы Жыргалбек Өмүрзаков аталган банктан доогердин пайдасына 357 миң 602 сом өндүрүп берүү боюнча чечим чыгарды. Бул кабарды “Азаттыкка” Эраж Кумарбековдун өзү билдирди. Аталган банктын Жумгалдагы жаңы жетекчиси Касиет Исламов өз кезегинде сот эч бир күбөлөрдү чакырбаганын, Э.Кумарбековдун пайызды туура эмес эсептеп чечим чыгарды деп белгилеп, райондук соттун чечимин талашып, облустук сотко кайрыла тургандыгын билдирди. (JI)