Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:51

И. Масалиев өзүнүн ак жеринен камалганын айтып арызданууда


УКМКнын тергөө камагында отурган коммунисттердин лидери Исхак Масалиев анын ишин адилет териштирүүнү өтүнүп, убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды. Ал жазган арызында, өзүнө ойго келбеген тири шумдук күнөөлөр негизсиз коюлуп жатканын, 12-14-майдагы окуяларга таптакыр тиешеси жоктугун жана бийликти күч менен алмаштырууга өзү каршы чыгып келатканын белгилеп, тергөө органдары айыпташ үчүн далил кармап жаткан Ү. Сыдыков менен болгон телефондук сүйлөшүүлөрү аны кармоого эч кандай негиз боло албастыгын белгилеген.

"Мени күнөөлөш үчүн Ү. Сыдыков менен болгон эки телефондук сүйлөшүүлөрдү негиз кылып алып жатышат. Анын биринчиси Бишкек шаарындагы кырдаал жөнүндө болчу, экинчисинде - мен ар кандай чагымчыл аракеттерден сак болуп, жашаган жеримди өзгөртүшүм керектиги жөнүндө сөз болгон. Айтор, түштүк областтарындагы окуяларга менин тиешем бар экени жөнүндө эч жерде, эч бир көрүнбөйт”,-деп белгилейт И. Масалиев.

Коммунисттердин лидери И. Масалиев Ош жана Жалал-Абадда болгон тополоң окуяларга тиешеси бар деп шектелип, 14-майда коопсуздук кызматынын абагына камалган. Ага Кылмыш-Жаза кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 233-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыкты уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG