Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Киров суу сактагычы оңдоо иштерине байланыштуу буулду


Талас облусунун губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Нусуп Бектенов “Азаттыкка” Киров суу сактагычы оңдоп-түзөтүү иштеринен улам убактылуу жабылганын билдирди. Анын айтымында, бул суу сактагычтан сууну Таласта Манас району гана пайдаланат. Бирок соңку убакта суу сактагычтын суу бөлүштүрүүчү түйүнү бузулуп натыйжада каналдарга суу жетпей калган. Сууну буумайынча бул түйүндү оңдоо мүмкүн эмес, дейт Н. Бектенов. Айрым маалымат каражаттары Казакстанга Кыргызстандан кечээ кечтен баштап суу келбей калганын, эгер суу берүү кечиктирилсе Жамбыл облусунда жазгы айдап себүү иштери текке кетиши ыктымал экенин жазып чыгышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG