Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Бүгүнтөн тарта айрым казак-кыргыз чек аралары ачылат


Убактылуу өкмөт башчынын аппарат жетекчиси Эдил Байсалов “Азаттыкка” “Ак жол”, “Чалдабар” бекеттери бүгүн эртең мененки саат тогуздан тарта ачыларын билдирди. Кечээ Казакстандын Тышкы иштер министрлиги чек араларды ачуу бюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө Кыргызстандагы кырдаал толук калыбына келе электиги, бирок бул өлкөнүн социалдык-экономикалык оор абалын, жарандардын кайрылууларын эске алып казак президенти Нурсултан Назарбаев 20-майдан тарта чек араны ачууга көрсөтмө бергени айтылат. Маалыматка караганда бүгүнтөн тарта казактар Кордай, Супатай-Баатыр жана Айша-Бүбү бекеттерин ачат жана бул бекеттерден жеке адамдар эле эмес жүк ташыган унаалар да өтө алат. Бирок чек арада көзөмөл күчөтүлөт. Казакстан Кыргызстан менен чек арасын апрель окуяларынан кийин жапкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG