Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

“Өткөөл мезгилдин президенти” боюнча декрет референдумга коюлат


Бул тууралуу Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев кечээ Улуттук телерадио корпорациясындагы маегинде билдирди. Анын айтымында, декретти референдумда эл колдоп берсе, бул өткөөл мезгилдеги президентти легитимдүү деп эл аралык деңгээлде тааныганга негиз болуп берет. Кечээ убактылуу өкмөт "Өткөөл мезгилдин президенти" жөнүндөгү декретти кабыл алды. Аталган документке ылайык, жаңы Конституциянын негизинде жаңы президент шайланганга чейин Кыргызстанда өткөөл мезгилдин президенти кызматы киргизилет. Өткөөл мезгилде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага президенттин жана өкмөт башчынын ыйгарым укуктары берилет. Өткөөл мезгилдин президентинин кызмат мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабры болуп жазылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG