Армия Банкокто өкмөткө каршы чыккан демонстранттарга кол салгандан кийин, өлкө боюнча толкундоолор башталды. Буга чейин кеминде жети дубанда, үч ири шаарда шаар бийликтери жайгашкан имараттар өрттөлгөн эле. Демонстранттар апрелден бери кармап турган Банкоктун борборундагы туракка аскерлер басып киргенде төрт киши, анын ичинде италиялык фотожурналист окко учкан. Шаардын башка аймактарында да тополоң болуп, бир нече имарат өрттөлдү.