Жалал-Абадда кечээ атаандаш улуттук топтордун кагылышсуусунан эки киши набыт кетип, 50сү жараат алган эле. Демонстранттар Жалал-Абаддагы "Эл Достугу" университетине барганда кагылыш башталып, ок атылды. Окту ким чыгарганы белгисиз.
Өз билдирүүсүндө ЕККУнун төрагасы, Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаев «улуттук негиздеги жаңжалды кабылдоо мүмкүн эмес» деп айтты. «Кыргызстандагы кризисти жайгаруу үчүн коомдук коопсуздук, мыйзамдын үстөмдүгү, тынчтык жана туруктуулук камсыздалышы керек» деп билдирди Саудабаев Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн жетекчиси Роза Отунбаева менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин. Убактылуу өкмөт Отунбаеваны 2011-жылдын аягына чейин өткөөл президент деп дайындаган жардык чыгарды. Бүгүн ошондой эле жаңы Конституциясынын долбоору жарык көрүүгө тийиш.